11-январдан тарта Ысык-Көл облусунда мектептер менен бала бакчалар толук иштеп баштайт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык Санэпидкөзөмөл борборунун директору Күлүшкан Тайлакова билдирди.
Айтымында, облустук штабдын чечими эпидемиологиялык абалга жараша болот. "Эпидкырдаалга байланыштуу мектептер салттуу түрдө окутууга өтөт. Учурда коронавирус жуктургандардын саны азайып калды. Ошондой эле Жети-Өгүз, Ананьево, Тоң райондук ооруканалардагы “кызыл тилкелер” жабылды. Буга карабастан санитардык-гигиеналык талаптар сакталышы керек", - деди ал.
Адис облустагы жогорку окуу жайлар, колледждер жана орто кесиптик окуу жайлар Билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен иштей баштарын билдирди.