Жаңылыктар
"Вирустук гепатиттер жана оорулууга кеп-кеңеш" аталышындагы монография жарык көрдү
Кыргызстан жаңылыктары
"Вирустук гепатиттер жана оорулууга кеп-кеңеш" аталышындагы монография жарык көрдү

Медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалованын "Вирустук гепатиттер жана оорулууга кеп-кеңеш" аталыштагы монографиясы жарык көрдү. 

Китепте вирустук гепаттин түрлөрү, оорунун алдын алуу жана илдет байкалган маалда дарыгердин кеңеши, ошондой эле Кыргызстанда бул илдеттин кесепети кенен жазылган. 750 барактан турган окуу куралы медициналык окуу жайлардын китепканаларына таратылат. Каалоочулар китеп дүкөндөрүнөн таба алышат.

"Кыргызстанда вирустук гепатит чоң көйгөй. Ал адамды эрте майып кылып, өмүрүн алганы менен кооптуу. Аны мамлекет каржылабайт. Дарысы кымбат жана оору менен ар бир оорулуу өзү күрөшүүсүнө туура келет. Көйгөйдөн чыгуу жолдору ушул китепте жазылды",- дейт медицина илимдеринин доктору, профессор Сапарбү Тобокалова.