Жаңылыктар
АКШ, Улуу Британия жана Израилде алгачкылардан болуп коронавирустун жаңы түрүнө каршы эмдөө жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
АКШ, Улуу Британия жана Израилде алгачкылардан болуп коронавирустун жаңы түрүнө каршы эмдөө жүрүүдө

Коронавирустун жаңы түрүнө каршы вакциналар чыгып, алгачкылардан болуп эмдөөнү АКШ, Улуу Британия жана Израилдин жашоочулары алды. 

4-январга карата "Пфайзердин" вакцинасы менен 1 миллиондон ашуун израилдиктер эмделди. Израиль бийлиги "Пфайзер" менен вакцинанын 8 миллион дозасын сатып алууга макулдашты. Бул 4 миллион адамга жетет. Дарынын биринчи партиясы европа мамлекеттерине 9-декабрда жеткирилсе, Израилде эмдөө 20-декабрда башталган. 

Ал эми Улуу Британияда дүйшөмбү күнү аймактын жашоочуларын эмдөө британ-швед компаниясы "Астразенека" жана Оксфорд университети тарабынан иштелип чыккан вакцина менен эмделе башталды.