Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду экинчи рынокто «Кыргыз фонд биржасынын» акционери болду.
Өнүктүрүү фонду жабык акционердик коомдун 7,5 % акциясын сатып алды. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өткөргөн фондулук рынокту өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешмеде айтылды. Фонддун «Кыргыз фонд биржасынын» капиталына кирүүсү анын ишкерлик секторун колдоого алуу, экономиканы өнүктүрүү жана ал үчүн маанилүү долбоорлорду каржылоого гана эмес, Кыргызстандын финансылык рыногун өнүктүрүүгө активдүү катышууга ниеттенүүдө.
Кыргыз Өкмөтү жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан келечекте өлкөнүн фондулук рыногун, корпоративдик облигациялар жана акциялар секторун өнүктүрүүгө көмөк берүү боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда. Алгачкы баскычта институционалдык инвестор катары ири облигациялык чыгарылыштардын көлөмүнөн 15 %га чейин сатып алуучу фонддун ишмердүүлүгү негизги милдет болуп калат.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жакынкы арада Финансылык рынокту өнүктүрүү стратегиясын даярдап, бекитүүгө алып кирүү жана фондулук биржадагы компаниялардын иши үчүн тейлөө акысын төмөндөтүү маселесин иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.