Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалууда. Бул туурасында «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январь саат 18:20дан бери аймакты коюу туман каптап турат. «Бүгүн, 5-январь күнү аба ырайынын шартына байланыштуу аба каттамдары кармалып жатат», - деп айтылат маалыматта. Каттамдар тууралуу маалыматтарды аэропорттордогу төмөндөгү сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алса болот: - 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101.
«Авиакомпаниянын өкүлдөрү жүргүнчүлөр менен иш алып барууда. Түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз. Коопсуздук бардыгынан жогору турат», - деп аэропорттон жургүнчүлөргө кайрылышты.