Өзбекстанда насыбай сатууга тыюу салынды. Бул максатты көздөгөн мыйзам долбоорун Алкоголь менен тамеки рыногун жөнгө салуу жана шарап өндүрүшүн өнүктүрүү агенттиги өкмөткө сунуштады.
Алардын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө кеңири тараган насыбай калктын ден соолугуна жана экономикага олуттуу зыян келтирүүдө деп эсептейт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Өзбекстанда 13-15 жаштагы өспүрүмдөр арасында насыбай атуу деңгээли өтө жогору, же жалпы калктын 6 пайызын түзөт.
Бул көрсөткүч Кыргызстанда – 5,1 пайыз, Тажикстанда – 1,8 пайыз, Казакстанда – 0,6 пайыз, Түркмөнстанда – 0,2 пайыз.