Жаңылыктар
Унаага жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочулар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Унаага жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочулар кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма мамлекеттик номер тагып жүргөн айдоочуларды кармашты. 

Маалымат кызматынын билдиргени боюнча, кайгуул кызматкерлери Фучик жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде жол эрежесин бузган "BMW" үлгүсүндөгү жана Тыныстанов менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен "Лексус" үлгүсүндөгү унааларын кармашкан. 

Бул фактылар боюнча унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилген, айдоочулар Биринчи май РИИБдин ыкчам тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.