Талас жергесиндеги 11 адам күйүк алган өрттүн себеби аныкталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрттүн чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эреже бузулганы себеп болгон.
Белгилей кетсек, кечээ 4-январда Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы Борбордук базардын жанындагы “Шаурма Сити” тез тамактануучу жайында газ баллон жарылып, өрт чыгып, андан 11 адам күйүк алган. Өрттүн аянты болжол менен 140 чарчы метрди түзгөн. Учурда келтирилген материалдык чыгым такталууда.