Жаңылыктар
Жумушсуздар жумуш табуу үчүн кайда кайрылышы керек?
Кыргызстан жаңылыктары
Жумушсуздар жумуш табуу үчүн кайда кайрылышы керек?

Жумушсуз же жумуш издөөчү катары катталуу үчүн жашаган жери боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек. 

Ал үчүн паспорт, эмгек китепчеси, кесиптик квалификациясын ырастоочу документтер талап кылынаарын министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда маалым болгондой, биринчи жолу жумуш издеп жаткан, мурда иштебеген, адистиги жок жарандарды каттоо паспортту жана билими жөнүндө документти тапшыруу менен жүргүзүлөт.

Жарандарга алар катталган күндөн тартып 10 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ылайыктуу жумуш таап берүүгө мүмкүн болбогондо, алар расмий жумушсуздар деп таанылат. Жумуш орундар жөнүндө маалыматты министрликтин аймактык бөлүмдөрүнөн, жана сайтынан алууга болот.