Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык балаты - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен бийиктиги боюнча алдыңкы бештикке кирди. Бул тууралуу ТурСтат порталы түзгөн рейтингдин негизинде аныкталды.
Шериктештикке кирген мамлекеттердин арасынан эң бийик балаты деп Беларусь, Өзбекстан жана Түркмөнстанда коюлган балатылар табылды. Эң бийик балаты Ашхабадда 41 метр, Ташкентте 36 метр, Минскиде 30 метр, Нур-Султанда 25 метр жана Бишкекте 25 метр орнотулган.