Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана экономикалык аткезчилик фактылары боюнча Кыргызстан жараны Сүйүмбаев Болот Тураровичти издеп жатат.
Жогоруда айтылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мурунку орун басар Б.Сүйүмбаевдин бул кылмышка тиешеси бар же жок экендиги боюнча бир нече жолу суракка жана башка тергөө иш-аракеттерине чакырылган туралуу танылгыс далилдер алынды.
Б.Сүйүмбаевдин сурака келбей жаткандыгына байланыштуу, КР УКМК тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 223-берененсининт 2-бөлүмү (экономикалык кантарбанда) боюнча кылмышка шектүү деген билдирүү берилип, ага издөө жарыяланган.
Б.Т.Сүйүмбаевдин жүргөн жерин көргөн же билген адамдар УКМК нөөмөт кызматына 0312 66-04-75 же 102 телефон аркылуу кабар берүүгө болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.