Талас облусунда тез тамактануучу жайда газ баллон жарылып, жыйырмага чукул жаран жабыркады. Кырсык күндүзгү саат үчтөр чамасында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында болгон.
Жарылуудан жаракат алгандардын ичинен 11 адам ооруканага түшкөн. Алардын төртөөнүн абалы оор экени айтылып, экөө облустук ооруканага жеткирилген. Кафеден чыккан жарылуудан ага катарлаш турган чач тарач жана соода жайлары дагы өрттөнгөн. Жеринде өзгөчө кырдаалдар кызматы иштеп, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.