Шайлоо маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тиртипте иштөөгө өтөт. Бул туурасында ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүнкү онлайн жыйында айтты.
Атайын иш- пландарга ылайык 11 миңден ашуун кызматкер коомдук тартипти сактоого тартылат. Шайлоо тилкелерине бөлүнгөн 5 миңден ашуун кызматкер , шайлоо тилкелерин толук кайтарууга алышты. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында иш-чараларды аткаруу милдеттерине көмөк көрсөтүү максатында БШК менен иш-алып баруу үчүн ИИМдин кызматтарынан кирген жумушчу топ иштеп жатат.