Жаңылыктар
Талант Мамытов "2021-жылга республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов "2021-жылга республикалык бюджети жөнүндө" мыйзамга кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. 

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 10-декабрында кабыл алынган.Бул мыйзамга ылайык, Кыргызстандын 2021-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 172 млрд 891 млн 600 миң сом, чыгашалар боюнча 181 млрд 354 млн 800 миң сом суммасында бекитилди. 2020-жылга республика бюджетинин тартыштыгынын чектелген өлчөмү 8 млрд 463 млн 200 миң сом суммасында белгиленди.