Жаңылыктар
Бюллетендер аймактарга жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Бюллетендер аймактарга жеткирилди

10-январда болуучу Кыргызстандын президентин шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендер түзүлгөн акттын негизинде аймактык шайлоо комиссияларына таратылды. Аларды өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирүүдө ички иштер министрлигинин, коопсуздук комитетинин кызматкерлери коштоп жүрөт. Бюллетендер "Тизме" порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесине ылайык даярдалды.