Президентик шайлоодо эл аралык байкоочу катары ар кандай өкүлчүлүктөрдүн 78 өкүлү аккредитацияланды.
Мындай чечим Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 26-декабрдагы отурумунда кабыл алынган. Саясий эксперт жана саясат таануучу Павел Дементьев шайлоо алдындагы даярдык тууралуу пикирин билдирди.
"Кыргызстандагы референдум жана өлкөнүн президентин шайлоо республиканын өнүгүшүндөгү маанилүү окуя болуп саналат. Кыргызстандын тарыхы буга чейин көп нерсени башынан өткөрүп, ал көп нерсени үйрөттү. 4-октябрдан кийин келген жаңы өкмөт саясий көз караштарга жана чечимдерге принципиалдуу заманбап мамиле жасоону көрсөттү”, - деди Дементьев.
Айтымында, шайлоону өткөрүүгө даярдыктар эл аралык стандарттарга жана принциптерге толугу менен жооп берет.
"Кыргызстандын БШКсы эчактан бери өзүнүн жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтүп келет. Шайлоону уюштуруу эң жогорку деңгээлде болушу керек. Эл аралык байкоочулардын катышуусу алдыдагы шайлоонун толук мыйзамдуулугун жана ачыктыгын көрсөтөт”, - деди ал.
Ошондой эле шайлоону уюштуруучулар санитардык талаптардын сакталышына шарт түзүп, өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.