Жаңылыктар
Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты

Бишкек шаары дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын сап башына чыкты. Абанын булгануусу кечээ 485 ченемге жетти. 

Дүйнөлүк статистикада булгануу деңгээли 150 ченемден өткөндө адам өмүрүнө кооптуу деп эсептелет. Бишкектен кийинки орунда Индиянын Дели, Пакистандын Лахор шаарлары жайгашкан. Дүйнөдөгү шаарларда абанын сапатын иликтеген уюмдун сайтына Бишкекте аба сапатынын көрсөткүчү 525 ченем экени көрсөтүлгөн. 

Борбордо акыркы убакта абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Жыл сайын, айрыкча кыш мезгилинде абанын булганышы күчөп, баш калааны ыш каптайт.