Жаңылыктар
Саясат таануучу Марк Антонов: "10-январда өтө турган шайлоонун тарыхый мааниси чоң"
Кыргызстан жаңылыктары
Саясат таануучу Марк Антонов: "10-январда өтө турган шайлоонун тарыхый мааниси чоң"

10-январда өтө турган шайлоонун тарыхый мааниси чоң. Мындай пикирди Эл аралык мамилелер боюнча орусиялык серепчи, саясат таануучу Марк Антонов билдирди. 

Айтымында, бул жолку шайлоо кынтыксыз, олуттуу мыйзам бузууларсыз өтүшү керек. Бул шайлоонун негизги учуру, республикада башкаруу формасын аныктаган референдум. 

“Кыргызстандын жаңы президентин оор мезгил күтүп турат. Белгилүү болгондой, Кыргызстан өткөн жылы мамлекеттик бюджеттин түзүлүшүндө олуттуу кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. COVID-19 өлкөнүн экономикасын катуу солгундатты. Кризистин экинчи толкуну 4-октябрдан кийин пайда болду. Бирок Артём Новиков башында турган өкмөт бара-бара экономикалык көрсөткүчтөрдү шайкеш келтире алгандыгын белгилей алам. Жаңы жылда, буга чейинки мамлекет башчыларынын бири дагы жасабагандай көп жумуш күтүп турат”, - деди саясат таануучу.