Милдеттүү салык декларациясын электрондук ыкмада тапшыруу мөөнөтү узартылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду.
Уюмдар үчүн квалификациялуу электрондук кол тамганы колдонуу менен салыктык отчетторду тапшыруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-январынан 1-апрелине узартылды. Жеке ишкерлер үчүн 2022-жылдын 1-январына чейин жылдырылды.
Буга чейин Мамлекеттик салык кызматы бекиткен планга ылайык, уюмдар жана жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер, 2021-жылдын 1-январынан тартып салык отчетторун электрондук колтамга аркылуу электрондук түрдө берүүгө өтүшү керек болчу.