Кыргызстандын президентин шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында 8-январдан баштап ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тиртипте иштөөгө өтөт. Бул туурасында ички иштер министри Улан Ниязбеков 4-январдагы жыйында айтты.
Атайын иш пландарга ылайык 11 миңден ашуун кызматкер коомдук тартипти сактоого тартылат. Бүгүнкү күнү шайлоо тилкелерине бөлүнгөн 5 миңден ашуун кызматкер аныкталып, такталып шайлоо тилкелерин толугу менен кайтарууга алышты. Шайлоого даярдануу жана өткөрүү маалында иш-чараларды аткаруу милдеттерине көмөк көрсөтүү максатында БШК менен иш-алып баруу үчүн ИИМдин кызматтарынан кирген жумушчу топ ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.