Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы президенттик шайлоо жана башкаруу тартибин аныктоо боюнча референдумга карата бюллетендерди аймактарга жана чет жактагы добушканаларга 2-январда жиберди.
БШКнын маалыматына караганда, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына, чет өлкөдөгү добуш берүүчү тилкелерде бюллетендерди кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына ушул күнү кол коюлду. Президенттик шайлоого карата жалпы 3 млн 567 миң 138 бюллетень даярдалды. Андан тышкары Брайл шрифти менен даярдалган 4 миң 948 бюллетень бар.
Жалпысынан Бишкек шаарына 417 миң 341, Ош шаарына 151 миң 168, Жалал-Абад облусуна 667 миң 265, Ош облусуна 723 миң 620, Баткенге 297 миң 574, Нарынга 202 миң 710, Ысык-Көлгө 308 миң 91, Таласка 158 миң 54, Чүйгө 592 миң 155, чет өлкөлөрдөгү участокторго 49 миң 160 бюллетень жиберилди. Референдумга да ушундай эле сандагы бюллетень даярдалып, жөнөтүлдү.
Бюллетендердин саны 2-январда “Тизме” (tizme.gov.kg) порталына жайгаштырылган шайлоочулардын акыркы тизмесинин негизинде эсептелгени айтылды.
Бюллетендер “Учкун” ачык акционердик коомунда күнү-түнү басылып, ага БШК мүчөлөрү, кызматкерлери, жумушчу топтор мониторинг жүргүзүп, УКМК жана ИИМ кайтарганы кабарланды. Президенттик шайлоонун бюллетени ак, референдумдун бюллетени көгүш түстө. 10-январда Кыргызстанда президенттик шайлоо менен кошо башкаруу тартибин аныктаган референдум өткөнү жатат.