Жаңылыктар
Жаратылыш ресурстарын өндүрүүнүн жалпы суммасынын ичинде көмүр өндүрүү өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш ресурстарын өндүрүүнүн жалпы суммасынын ичинде көмүр өндүрүү өстү

Жаратылыш ресурстарын өндүрүүнүн жалпы суммасынын ичинде көмүрдүн үлүшү көбөйдү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети билдирди. 

2015-жылы көмүрдүн үлүшү 9,7 пайызды түзсө, 2019-жылы 10,5 пайызга жетти. Ошондой эле, 2019-жылы көмүр өндүрүүнүн көлөмү 2,6 млн тонна болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 35 пайызга жогорулаган. Негизинен алганда көмүр ички рынокто керектелет. 

Ал эми мунай заттарына болгон суроо-талап негизинен импорттук келип түшүүлөрдүн эсебинен толтурулат. 2019-жылы 83 миң тоннадан ашык дизелдик май өндүрүлүп, 2015-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп болгон. Ошол эле жылы мазутту өндүрүү 115 миң тоннаны түздү. Бул башка жылдарга салыштырмалуу азыраак.