Милициянын кайгуул кызматкерлери ээнбаштыкка шектүү жарандарды кармады. Маалыматка ылайык, 2-январда болжол менен саат 04:45 чамасында Бишкек шаардык милицисынын "102" кызматына Киев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафелердин биринде балдар уруп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаган. Маалым болгондой, 1988-жылы туулган жаранды күзөт кызматкерлери сөгүп, уруп койгон. Жазылган арыздын негизинде кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган жана 2000-жылы туулган жарандар кармалып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилди. Бул факт Биринчи май райондук ИИБсы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.