Кыргызстандан чет мамлекеттерге чыгуу үчүн COVID-19га текшерилүүнү эки мамлекеттик лаборатория жүргүзүп жатат.
Анда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эрежесине ылайык, анализ ПЧР ыкма менен алынат. Бири Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү №535 үйдө жайгашкан вирусологиялык референс-лаборатория болсо, экинчиси - Ош шаарындагы Байтемиров 53 дарегиндеги лаборатория. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, анализ тапшыруунун баасы 1 миң 574 сомду түзүп, жыйынтыгы үч тилде 6-8 сааттын ичинде чыгат. Бирок ооруканаларда дарыланып жатып, коронавируска шектелип текшерилген бейтаптарга артыкчылык берилет. Алар акысыз жана чет өлкөгө кетүүгө анализ бергендерден биринчи текшерилет.
Мамлекеттик лабораториялар анализ тапшыргандарга кызмат көрсөтүүгө жетишпей жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги анализ алууну каалаган жеке менчик лабораторияларга тийиштүү эрежелер менен аккредитациядан өтүүгө кайрылган. Жыйынтыгында “Бонецкий», «Аква», «Гемотест» жана «Интермедикал» лабораторияларына коронавирустун анализин алууга уруксат берди. Бирок учурда алардын экөө гана иштеп жатат. Баасы - 2 миң 500 сомду түзөт.