Жаңылыктар
Майрам деп, тумоо кете электигин унутпаңыз
Кыргызстан жаңылыктары
Майрам деп, тумоо кете электигин унутпаңыз

Майрам күндөрү да нөөмөттө турчу өмүр сакчылары жаңы жылдык салтанаттарда жарандарды өздөрүнүн жана жакындарынын ден соолугуна кайдыгер карабоого чакырат. Дарыгерлер жарандарды көп топтолууга жол бербөөнү, санитардык-гигиеналык эрежелерди тыкыр сактоону жана спирт ичимдиктерин ашыкча колдонбоону дагы бир ирет эскертет. Көңүл коштук мамиле ковид тумоосунун жайылышын шарттаарын белгилешет. Ушул күндөрү Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында 30дан ашык бейтап дарыланууда. Алардын ден соолугу дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө. Ал эми, калаадагы медициналык мекемелер эс алуу күндөрү кадимки штаттык тартипте иш алып барат.