Жаңылыктар
УКМК: Террористтик жасоого даярданып жаткан ЭТУсогушкери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК: Террористтик жасоого даярданып жаткан ЭТУсогушкери кармалды

УКМК коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматтары менен биргеликте жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында Кыргызстандын аймагында террордук актынын болушунун алдын алынды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кылмыш-жаза кодексинин "Терроризм актысы" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндөрүштүн алкагында Ош облусунун аймагында 22 жаштагы жараны кармалды. 

Кармалган адам эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү болгон жана башчысынын көрсөтмөсү менен облустун аймагында аскердик бөлүктөрдүн биринде теракт жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу зат жасамак болгон. Анын жашаган жеринен камуфляж формасынын комплектиси, жилет, аскердик бут кийим, дүрбү, бүктөлүүчү бычак жана чет тилдеги баракчалар табылган. 

Кармалган жаран УКМКнын Башкы башкармалыгынын Ош шаардык жана облустук тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери уланып жатат.