Буга чейин тирүү малды жана айыл чарба өндүрүмүн чет өлкөгө экспорттоо боюнча киргизилген чектөө бир жумага алынып салынды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин малымат кызматы билдирди.
19-ноябрдагы өкмөттүн токтомуна ылайык, малды жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого тыюу салынган. Ал эми өкмөттүн 30-декабрындагы токтомуна ылайык, мурда кабыл алынган документке өзгөртүүлөр киргизилди. Анда өлкөдөн чыгарууга тыюу салынган өндүрүмдөрдү 2021-жылдын 8-январына чейин экспорттоого уруксат берилди.