Жаңылыктар
Алдыда кандай аба ырайы күтүп турат? Синоптиктер маалымат таратты
Кыргызстан жаңылыктары
Алдыда кандай аба ырайы күтүп турат? Синоптиктер маалымат таратты

Кыргызгидромет борбору 2-январдан 6-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат берди. Чүй, Талас облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, кээ бир райондордо туман болушу мүмкүн. Жолдор тоңголок тартып, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жетет. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. 2-январда туман болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт. Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, кээ бир райондордо туман болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мерге жетиши мүмкүн. Ысык-Көл облусунда 2-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. 3-5-январларда жана 6-январда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.