Жыл алмашып саат жебеси он экини кагууга аз калганда теледен берилүүчү салтка айланган өлкө башчынын куттуктоосун президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов айтты.
Ал узаган жыл бурулуш жылы болгонун белгилеп, "бул күнү оор күндөрдө өлкөгө эмгек кылган каармандар куттукташы керек экенин айтты. Ага ылайык жалпы кыргызстандыктарды дарыгер, тартип сакчысы, мугалим, “Тазалык” ишканасынын кызматкери, спортчу, майыптардын укугун коргогон жарандык активист, мигранттын кызы, ыктыярчы жана элдик кошуундун мүчөсү куттуктады.