Кыргызстанда жаңы жыл түнү олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок. Ички иштер министрлигинин нөөмөт бөлүмдөрүнө ар кандай өңүттөгү 200го жакын арыз келип түшүп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Майрамга карата коомдук тартипти камсыздоо максатында 13 миңден ашык милиция тартылып, алар күчөтүлгөн тартипте иш алып барышты.