Жаңылыктар
Жаңы жылда калктын аярлуу катмарын тейлеген социалдык төлөмдөр убагында берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жылда калктын аярлуу катмарын тейлеген социалдык төлөмдөр убагында берилет

Санариптештирүүнүн алкагында жарандарга чегерилген каражатты алуу жолдору бир топ жеңилдеген. Өткөн жылы эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 5 млн-дон ашык документ кагаздары электрондук негизде берилип, тармак 17 министрлик менен жалпы базадагы маалыматтын негизинде түз иштешкен. Учурда каражатты накталай төлөмдөн банктык системага өткөрүү иштери 70% аяктап калды.