Жалал-Абадда миңден ашык милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунда коомдук абал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. 31-декабрда облустук ички иштер башкармалыгынын бардык өздүк курамы жаңы жылга карата күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Ошондой эле, Аксы райондук милициясы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө майрамдык белектер берилди.