Жаңылыктар
Баткенде ӨКМдин кызматкери жылдын мыкты жетекчиси аталды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде ӨКМдин кызматкери жылдын мыкты жетекчиси аталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы подполковник Турдуев Туратбек 2020-жылдын мыкты жетекчиси аталды. 

Баткен районунун жана Баткен шаарынын аймагында өзгөчө кырдаалдардын жана өрт кырсыктардын, пандемия илдетинен арылууда чоң салымын кошкондугу үчүн Баткен райондук коомдук-саясий гезитинин тандоосунун негизинде КР ӨКМнин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы подполковник Турдуев Туратбек Садирдинович "2020-жылдын мыкты жетекчиси" диплому менен сыйланды.