Жаңылыктар
“Сосновка” жана “Арал” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды
Кыргызстан жаңылыктары
“Сосновка” жана “Арал” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 2020-жылдын 30-декабрь күнү саат 18:00дөн тартып, Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.

2020-жылдын 31-декабрь күнү саат 07:00дө “Сосновка” жана  “Арал” постторунда коюлган убактылуу чектөөлөр алынган.