Бишкек шаарынын Октябрь районунда 30-декабрь күнү саат 14:50дө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары 5-кичи районунда жайгашкан №57 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1940-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Октябрь районунда 30-декабрь күнү саат 19:50дө КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан №5 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.