Жаңылыктар
Бүгүнкү күнгө карай өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүнкү күнгө карай өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. 

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 0…-5° суук, Талас өрөөнүндө -4 сууктан…+1° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  өрөөндөрүндө -2…+3°, Ысык-Көл ойдуңунда -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -4…-9° суук, тоолуу райондордо -10…-15° суук болушу күтүлөт.