Тышкы иштер министрлиги бардык чет мамлекеттердеги ыйгарым укуктуу элчилер менен онлайн кеңешме өткөрүп, пандемия таасир эткен экономикалык абалдан чыгуу жолдорун талкуулады. Аны менен бирге сырттан инвестиция тартуу, туристтердин санын көбөйтүү, пандемиялык абалдан татыктуу чыгуу жана алдыдагы шайлоого активдүү катышуу тууралуу да сөз болду. 36 мамлекеттеги Кыргызстандын өкүлдөрү эки сааттан ашык баарлашып, 2021-жылы аткара турган пландары менен бөлүштү.