Жаңылыктар
Саясий муниципалдык кызматты ээлегендерге класстык чендер менен сыйлыктар тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Саясий муниципалдык кызматты ээлегендерге класстык чендер менен сыйлыктар тапшырылды

Кыргызстанда биринчи жолу саясий муниципалдык кызматты ээлегендерге класстык чендер ыйгарылды. 

Мамлекеттик кадр кызматында өлкөнүн он төрт айыл өкмөтүнүн жетекчилери экинчи жана үчүнчү даражадагы кеңешчи класстык чендерине ээ болушту. 

Кошумчалай кетсек, өткөн жылы айыл өкмөт башчыларын, шаар мэрлерин, кеңештин төрагаларына класстык чендерди ыйгарууну шарттаган мыйзам кабыл алынган. Ошону менен бирге мамлекеттик муниципалдык кызматтын түзүлүшүнө жана түптөлүшүнө салым кошкон ардагерлер ошондой эле Мамлекеттик кадр кызматынын ишин чагылдырууда зор салым кошкондугу үчүн КТРКнын “Ала Тоо 24” каналынын жана “Биринчи радионун” продюсерлери мекеменин ардак баракчалары менен сыйланышты.