Экономикалык реформалар боюнча долбоорлорду иштеп чыгуучу топтордун сапаттуу жана ыкчам ишин камсыздоо зарыл. Бул туурасында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Өкмөткө караштуу Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.
Новиков белгилегендей, экономикалык реформалар жаңы кадамдарды талап кылат. Кеңештин үчүнчү жыйынынын жүрүшүндө Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору, Жергиликтүү деңгээлде бизнести колдоого алуунун дем берүүчү механизмдерин түзүү жана тийиштүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча концепциянын долбоору, Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жана Электр энергиясынын ачык рыногун түзүү боюнча концепциянын иштелип чыккан долбоорлору каралды.
Киргизилген өзгөртүүлөрдү эске алуу менен Курулуш тармагындагы ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу боюнча концепциянын долбоору жана Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай ишканаларын өнүктүрүү үчүн жерлерди трансформациялоо процедураларын жөнөкөйлөтүү жана кыскартуу боюнча концепциянын долбоору жактырылды. Калган концепция долбоорлорун 2021-жылдын 12-январында өтүүчү Экономикалык реформалар боюнча кеңештин кезектеги жыйынында кароо үчүн толуктап иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.