Жаңылыктар
Жаңы жыл күндөрү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл күндөрү өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Чүй, Талас облустарында 30-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. 3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. 

30-31-декабрларда жана 1-январда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

 30-декабрда Бишкек шаарында күтүлгөн атмосфералык абанын булгануусунун болжолу:

30-декабрда аба бассейнинде зыяндуу заттардын таркалышына тоскоолдук алып келе турган чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттар түзүлүп, абада зыяндуу заттардын концентрациясынын орточо суткалык кармалышы көтөрүнкү деңгээлде (чектүү деӊгээл концентрациясынан 1,1-10,0 эсеге жогору) болушу күтүлөт.

30-31-декабрларда жана 1-3-январларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы: 30-31-декабрларда, 1-январда жана 2-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 2-январда күндүз жана 3-январда түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн. 3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-декабрларда жана 1-3-январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба-ырайы: 30-31декабрларда жана 1-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. 30-31декабрларда жана 1-январда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-декабрларда жана 1-3-январларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба-ырайы: 30-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-январда күндүз, 2-январда жана 3-январда түнкүсүн  кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 1-3-январларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-декабрларда жана 1-3-январларда Каракол  жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба-ырайы: 30-31-декабрларда жана 1-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 1-январда күндүз Каракол шаарында бир аз кар жаашы күтүлөт, Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. 2-январда жана 3-январда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 3-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-3-январларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-декабрларда жана 1-3-январларда Нарын облусунда күтүлгөн аба-ырайы: 30-31-декабрларда жана 1-3-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.