Жаңылыктар
Артём Новиков 7 жашар Алина жана Тимур тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды
Кыргызстан жаңылыктары
Артём Новиков 7 жашар Алина жана Тимур тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков туугандарынын камкордугуна алынган 7 жашар Алина жана Тимур тарбияланып жаткан үй-бүлөнүн абалынан кабар алды. 

Өкмөт башчынын м.а. балдарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктап, белектерин тапшырды. Бир туугандар туулгандан кийин эле энесиз калып, жарым жыл өткөн соң жол кырсыгынан атасы каза болгон. Учурда балдарды таенеси тарбиялоодо. 

Премьер-министрдин м.а. үй-бүлөгө чың ден соолук, бакубаттуулукту каалады. Өз кезегинде балдарга камкордук көрүп жаткан Кымбат Сарбашева Өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирди.