Жаңылыктар
Биринчи вице-премьер-министр А.Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Биринчи вице-премьер-министр А.Новиков Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. 

Новиков белгилегендей, бүгүнкү күндөгү байланыштардын динамикасы эки өлкө ортосундагы мамилелердин деңгээлин мыкты көрсөтүп турат. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу кошумчалагандай, Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча «Жол картасынын» долбоорун даярдоо тууралуу макулдашууга жетишилди. 

Артём Новиков россиялык тарапка «Жол картасынын» даярдалган долбоорун алар тараптан каралып, толуктап чыгуу үчүн тапшырды. Россиянын Кыргызстадагы элчиси Николай Удовиченко эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлин белгиледи. Ал Россия Федерациясы натыйжалуу кызматташтыкты улантууга кызыкдар экендигине токтолду жана россиялык тараптын «Жол картасы» боюнча толуктоолору өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкка жана гуманитардык долбоорлорду алга жылдырууга негиз болуп берээрине ишеним билдирди.