Жаңылыктар
УКМК: Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурдагы вице-мэри кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурдагы вице-мэри кармалды

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ишенүү менен берилген мүлктү менчиктөө жана максатсыз колдонуу фактысы боюнча Бишкек мэриясынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча мурдагы вице-мэри кармалды. 

УКМКдан билдиришкендей, Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри жалданган ишкананы колдонуп, жолдорду оңдоо жана куруу боюнча мамлекеттик сатып алуулар учурунда "Бишкасфальтсервис" муниципалдык ишканасында жана Бишкек шаарынын мэриясында коррупциялык схема түзүлгөн. Иликтөөдө 2015-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында мурдагы вице-мэр колдогон компанияларга 100 миллион сомдон ашык суммадагы муниципалдык буйрутмалар берилген. 

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан өз убагында каржылоо болгонуна карабастан, подрядчик компаниялар тарабынан жүргүзүлүп жаткан жумуштар толугу менен аягына чыккан эмес. 29-декабрда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкектин мурдагы вице-мэри кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка дагы адамдар аныкталууда.