29-декабрь күнү саат 07:49да Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөө Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман, Шарк, Кашкар-Кыштак, Жаңы-Кыштак айылдарында 4 балл, Кара-Суу шаарында, Ак-Таш, Большевик, Отуз-Адыр, Каарман, Кыргыз-Чек, Таштак, Мады, Дыйкан-Кыштак айылдарында жана Ош шаарынын Жапалак айылында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ошондой эле, 26-декабрь күнү да саат 16:28де Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын чектешкен аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
29-декабрь күнү Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, төмөндөгүлөр аныкталган:
Кадамжай районунда жер титирөөнүн кесепетинен Совет айылында №21-Кан орто мектебинин, Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын Кайтпас айылындагы №23 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин жана Керемет Банк Кадамжай филиалынын дубалдарынан жаракалар пайда болгон.
Баткен районунда жер титирөөнүн кесепетинен Кыштут айыл аймагында 2 орто мектептин, 1 бала-бакчанын, Суу башы айыл аймагында 1 орто мектептин, 9 турак үйдүн, Самаркандек айыл аймагында 2 орто мектептин, 1 бала-бакчанын, 2 турак үйдүн, Дара айыл аймагында 1 бала-бакчанын, Кара-Булак айыл аймагында 1 орто мектептин, 1 бала-бакчанын, 1 гимназия-мектептин, Ак-Сай айыл аймагында 1 орто мектептин, 1 бала-бакчанын, Төрт-Гүл айыл аймагында 2 орто мектептин, 1 маданият үйүнүн, 1 башталгыч мектептин имараттарынын дубалдарынан жаракалар пайда болгон.
Жалпы облус боюнча 11 орто мектептин, 1 гимназия мектептин, 1 башталгыч мектептин, 1 маданият үйүнүн, 5 бала-бакчанын, 1 банктын, 11 турак үйдүн дубалдарынан жаракалар пайда болгон. Жеринде Жарандык коргонуу комиссияларынын келтирилген зыян боюнча актылары түзүлгөн.