Жаңылыктар
Кара-Суу районундагы мыйзам бузуу менен иштеген унаа жуучу жайга чара көрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Суу районундагы мыйзам бузуу менен иштеген унаа жуучу жайга чара көрүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Жаңы-Махала айылында жайгашкан унаа жуучу жайга текшерүү жүргүзүлдү. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында унаа жуучу жай ээси атайын суу пайдалануу эрежелерин жана гидро техникалык жумуштарды жүргүзүү эрежелерин бузгандыгы үчүн текшерүү актысы жазылып, бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын “Бузуулар кодексинин” 179 беренесинин негизинде айып пул салынып, мүчүлүштүктөрдү жоюу туурасында эскертүүлөр берилди.