Чехияда жугуштуу оорулардын көбөйүшүнөн улам катуу чектөөлөр күчүнө кирди. Дарыканалардан башка бардык дүкөндөр, чач тарач жана сулуулук салондор жабылган.
Ошондой эле, эки кишиден көп жолугушууга тыюу салынат, күн сайын кечки саат тогуздан баштап коменданттык саат киргизилген. Жаңы жылдык эс алуудан кийин иш жүзүндө бардык мектептер жабык бойдон калаары маалымдалды.
Белгилей кетсек, Чехияда коронавирустук инфекция 671 миң жарандан тастыкталган жана кеминде 11 миңдей адам каза болгон.