Жаңылыктар
Айыл чарба министрлиги санариптештирүү менен кооперативдерди, ассоциацияларды өнүктүрүүнү колго алды
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл чарба министрлиги санариптештирүү менен кооперативдерди, ассоциацияларды өнүктүрүүнү колго алды

Пандемияга карабай быйыл айыл чарба тармагында бир катар өсүштөр бар. Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жаңы ишканалар ачылып, экспорттун көлөмү да көбөйгөн. Ошондой эле былтыркы жылдарга салыштырмалуу айдоо аянты да кеңейген. Өлкөдөгү жалпы жагдайга карабай министрлик ушул тапта азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо чараларын көрүп жатат.

Кайра иштетүүчү өнөр-жайларды куруу. Узап бараткан жылдагы айыл чарба министрлигинин негизги басым койгон багыттарынын бири болду. Жыл ичинде бул тармакта 60 тан ашык айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү жаңы ишкана ишке кирди. Ошондой эле министрлик быйыл тармакты санариптештирүү менен бирге кооперативдерди жана ассоциацияларды өнүктүрүүнү колго алган.