Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды ыкчамдатат. Вице-премьер-министр Максат Мамытканов өкмөттүн аймактардагы өкүлдөрүнүн жана тиешелүү министрлик менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда социалдык маселелерге байланыштуу өткөрүлгөн жыйында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо максатында тобокелчилик тобуна киргендерге өзгөчө көңүл буруп, үймө-үй кыдыруу тапшырмасын берди. Себеби өзгөчө абал жана кырдаал маалында же соңку үч айда үй-бүлөлүк зомбулук 30 %га ал эми Бишкекте эле 65 пайызга көбөйгөнү айтылды.