Садер Исса - 21 жаштагы студент жана келечектеги тиш доктур. Ал Сириянын түндүк-батышындагы кичинекей Аль-Байда айылында окуп, ата-энеси менен жашайт. Садердин өзгөчө үй бүлөсү бар. Анын атасы Даун синдромуна чалдыккан. Бирок ашыкча хромосома анын үй бүлөсү сыймыктанган мээримдүү ата жана камкор күйөө болуусуна тоскоол болгон эмес.
Сириянын Социалдык Өнүгүү Коомуна берген маегинде, Садер атасы аны кандай өстүргөнү жана ага кам көргөнү жөнүндө айтып берген. "Эгер мен өз атамды тандоого мүмкүнчүлүк болгондо, анда ойлонбой туруп азыркы атамды тандайт элем. Атам менен сыймыктанам. Ал өмүр бою менин колдоочум жана таянычым болду " – деген.
Жаш жигиттин ата-энеси 23 жыл мурун баш кошушкан. Садердин атасы Жад аялынан үч жаш кичүү болуп, даун синдромуна чалдыкса да, жубай тандоодо эч ким тынчсызданган эмес. Ал айылда эмгекчил, өжөр жана боорукер адам катары белгилүү болгон.
Тойдон эки жыл өткөн соң, жубайлар уулдуу болушат. Атасы баласын керектүү нерселер менен камсыз кылуу жана ага бактылуу балалык тартуулоо үчүн бардыгын жасаган. Ден соолугу начар болгонуна карабастан, тегирменде 21 жыл иштеген. Азыр да жумушуна барып, дан куюп, пол шыпырууга жардам берип турат. Бул жумуш менен ал айылдын башка тургундарындай эле өз үй бүлөсүнүн бюджетине салым кошот.
Ата-баланын ортосундагы мамиле башка үйбүлөлөрдөй эле өтө жылуу
Жад сыймыктануу менен: “менин уулум дарыгер, ал учурда тиш доктур кесиби боюнча окуйт. Ооба, мен даун синдромуна чалдыктым, бирок мен, бул адамды чоңойтуп, доктур болуп башкаларга жардам берүүсү үчүн болгон күчүмдү жумшадым”- деп түшүндүргөн.
Бул окуянын дагы бир өзгөчөлүгү бар. Даун синдрому менен ооруган эркектердин ата болушу өтө сейрек кездешет.
Албетте, баланын зыңкыйган жигит болуп тарбияланышына апасынын да нар көтөргүс салымы бар.
Мээримдүү жана камкор ата-энелер көп болсун!