“Камбар-Ата 2” ГЭСи 2010-жылы ишке берилген. Бирок андан бери гидроэлектростанциянын бир гана агрегаты иштеп жатат. Эми ГЭСтин курулушун улантуу максат кылынууда. Алгач кеңеш берүүчү тарап тандалды. “Электр станциялары” ишканасы германиялык “Фихтнер” компаниясы менен келишим түздү.
“Камбар-Ата 2” ГЭСин куруу үчүн инвесторлордон кызыгуу болгону менен келишим түзүлбөй келген. Кыргызстан мындан улам Евразия өнүктүрүү банкынан 110 миллион доллар насыя алууда. Долбоорду толугу менен ишке ашыруу 2024-жылга чейин созулат деп күтүлүп жатат.